12-майда борбор калаадагы"Алай" спорткомплексинде Кыргыз Республикасынын футзал Ассоциациясынын U-15, U-17 өспүрүмдөр арасындагы Кубогунун жыйынтыктоочу турунун беттештери болуп өттү. Турнирге алдыңкы төрт аймак катышкан: Бишкек, Чүй, Ош жана Жалал-Абад.
6 турдун жыйынтыгы боюнча U-15 командалар арасында Бишкек 6 оюндун ичинен 6 жеңишке жетип (18 упай), жеңүүчү болду, Ош (10 упай) экинчи, Чүй (7 упай) үчүнчү болду.
U-17 категориясында Кубоктун ээси Бишкек (13 упай), экинчи орунда Чүй (8 упай), үчүнчү орунда - Жалал - Абад (8 упай) командасы болду.
Оюндардын соңунда командаларды сыйлоо аземи болуп, мыкты оюнчулар да аталды.
U-15 АФКР Кубогунун мыктылары:
Мыкты калыс - Наксутбеков Айдар
Мыкты дарбазачы - Жузумалиев Исламбек (Чуй)
Мыкты коргоочу - Кошбаев Мирел (Ош)
Мыкты чабуулчу - Шахапов Элмырза (Жалал-Абад)
Элдин сүймөнчүлүгү - Токтобеков Амир (Бишкек)
Мыкты бомбардир - Каныбеков Атайбек (Бишкек)
Мыкты оюнчу - Эгенбергенов Нурдоолот (Бишкек)
U-17 АФКР Кубогунун мыктылары:
Мыкты дарбазачы - Куватбек Адиль (Бишкек)
Мыкты коргоочу - Джумабеков Тариэл (Чуй)
Мыкты чабуулчу - Сайфуллаев Хожиакбар (Жалал-Абад)
Элдин сүймөнчүлүгү - Маликов Абдурасул (Чуй)
Мыкты бомбардир - Маматов Артур (Бишкек)
Мыкты оюнчу - Маматов Артур (Бишкек)