Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

КЫРГЫЗ ФУТБОЛДУК СОЮЗУНУН АТКАРУУЧУ КОМИТЕТИНИН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Jan 21, 2022

Бүгүн, 21-январда “Шератон” мейманканасынын жыйындар залында Кыргыз футболдук союзунун Аткаруучу комитетинин жыйыны болуп өттү. Бекитилген күн тартибине ылайык Кыргыз футболдук союзунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелер каралды. Жыйын бир күн мурун каза болгон "Нур-Баткен" футболчулары Алимов Асадбек менен Махмудов Жахонгирди бир мүнөттүк эскерүү мүнөтү менен башталды.

Негизги маселелердин бири 2022-жылга КФС иш-чараларынын реестрин бекитүү болду. ФИФАнын жана АФКнын алкагындагы бардык турнирлерди эске алуу менен КФСтин бардык тармактары боюнча турнирлердин жана иш-чаралардын календары сунушталды жана бекитилди.

Жыйындын жүрүшүндө футбол боюнча ар жаштагы курактарынын курама командалардын машыктыруучулары бекитилди.

Улуттук курама - Александр Крестинин;
Жаштар командасы/Олимпиада курамасы - Максим Лисицын;
2005-жылы туулган жаштар курамасы - Холковский Олег;
2006-жылы туулган жаштар курамасы – Сүймалиев Самат;
2007-жылы туулган жаштар курамасы - Чекиров Мирлан.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө уюмдун юбилейлик жылын эске алуу менен жаңыланган бренд-буктун бет ачары болду.

Кыргыз футболдук союзу (мурдагы Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы) 1992-жылы түзүлгөн.

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC